14:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Төлөгөновдун соту. Мадылбеков 7-апрелде Төлөгөнов менен жолукпаганын айтты

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Туратбек Мадылбеков 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук боюнча айыпталып жаткан Райкан Төлөгөновдун сотуна келип көрсөтмө берди. 

Анын айтымында, 7-апрелде Райкан Төлөгөнов менен жолугушкан жана сүйлөшкөн эмес.

«7-апрелде мен Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүн жетектегенмин. 7-апрелдеги талап-тоноочулукту токтотуу үчүн 17 саат иштедик. Катары менен үч күн уктаган жокмун. Ал арада Райкан Төлөгөновду көргөн жокмун. Жумуш телефондорум, уюлдук телефонум болуп беш телефонум бар эле. Текшерип көргүлө Төлөгөнов бириде дагы чалган жок» - деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума