12:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Төлөгөновдун соту. Аялы аны оорууканага чыгарууну суранат

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновдун аялы Чолпон Кошоева президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, Акыйкатчы Кубат Оторбаевге жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага кайрылуу жолдоду.

Ал Райкан Төлөгөновду тез арада оорууканага которууну суранат. Анын айтымында, айыпталуучунун ден-соолугу начарланап жатат.

«Угуусу жана көрүүсү да кескин начарлап кетти. Анүстүнө тез-тез эс учун жоготуп жатат. Жүрөк согуусу да тездеп, дем алуу кыйын болуп жаткандыктан микроинфракт болдубу деген да күмөнүбүз бар. Өзү гипертония жана стенокардия менен ооруйт. Дарыланбаса кан тамырлары жарылып, инсулть алабы деп коркуп жатабыз. Өзү кан тамырлар хирургу аны операция даярдап жаткан. Бирок, камалып, ал да болбой калды» — дейт ал.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөновго 2010-жылдын 7-апрелинде экс-президент Бакиевдин үй-мүлкүн тоногон айыбы менен иш козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар