11:33
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Абактагы Райкан Төлөгөнов президентке кайрылды

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Райкан Төлөгөнов абактан президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдоду.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда камалган саясый туткундардын маселесине токтотулуп, өлкө башчысынан өзүнүн ишин кароодо мыйзам бузуулар болгонун белгилейт.

Райкан Төлөгөнов Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаров, Максат Кунакунов, Карганбек Самаков, Алманбет Шыкмаматов, Азамат Мурзалиевдей саясый негизде соттолгонун айтат.

«Бул адамдар белгилүү саясый ишмерлер. Алар көп жылдар бою өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп келишкен. Аларга каршы коюлган айыптар калп жана акыйкатсыз сот өкүмү чыккан», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар