08:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Райкан Төлөгөнов 5 жыл 3 ай абакта олтурат

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөнов Биринчи май райондук сотунун чечимине даттанып Бишкек шаардык сотуна кайрыла элек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочу Сартбай Жайчибеков билдирди.

Анын айтымында, аппеляциялык арыз менен кайрылууга дагы үч күн убактысы бар.

«Азырынча так чечим кабыл алына элек. Эгер соттун өкүмүнө арыздана турган болсок, кайрылабыз» — деди Сартбай Жайчибеков.

Эскерте кетсек, 27-октябрда сот Марат Сыдыков Райкан Төлөгөновду 15 жылга эркинен ажыратты. Бирок, соттолуучунун жаш курагын эске алып, үч мунапысты колдонуу менен жаза өтөө мөөнөтү 5 жыл үч айга кыскартылды.

Мурдакы депутат 2010-жылдын 7-апрелинде талап-тоноону уюштурган, бирөөнү мүлкүнө зыян келтирген жана курал-жаракты мыйзамсыз сактаган айыбы менен соттолду. 7-апрелдеги мародерлук боюнча 2013-жылы «Ата-Мекен» партиясынын мурдакы төрт депутатына айып тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар