11:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Төлөгөновдун соту. Айыпталуучу сотко келген жок

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновдун соту кийинкиге жылдырылды. Аны бүгүн иш каралып жаткан Биринчи май райондук сотуна алып келишкен жок.

Маалым болгондой, Райкан Төлөгөнов саламаттыгына арызданып, сотко баруудан баш тартып, камерадан чыкпай койгон.

Жактоочу Сартпай Жайчибековдун айтымында, кечээ ал айыпталуучу менен сүйлөшкөндө инсулть алганын билдирген.

«Эс-учун жоготуп бир нече мүнөт жатыптыр. Даарыгерлер келип, жардам көрсөтүптүр. Бирок, абалы начар» - деди жактоочу.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде экс-президент Бакиевдин үй-мүлкүн тоногон деп айыпталууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар