«Туруктуу элдик кеңеш» партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун айткан сөзүнө юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдайт.
Эскерте кетсек, «Ата-Журт» партиясынын курултайында Азимбек Бекназаров улутчул маанайдагы сөздөрдү айткан.
«Эки талапкер тең таза кандуу кыргызсыңар. Кыргызстан кыргыздарга керек. Ал кыргыздардын мамлекети. Биздин саясат жана биздин президент кыргыздар үчүн иштеш керек. Биз Акаевдин «Кыргызстан — жалпыбыздын үйүбүз» деген түшүнүгүн жок кылышыбыз керек. Бул «жалпы үйдө" төрөлгөн, тарбияланган жана саясатка бара жаткандарды жана мекенине, элине кызмат кылууга даяр тургандарды айырмалап биле турган мезгил келди. Мен Акматбек Келдибековдун тууганы катары анын таза кандуу кыргыз экенин айта алам» — деди Азимбек Бекназаров.
УКМКнын маалыматында, саясатчынын сөзүнүн стенограммасы филолого-саясый экспертизага жөнөтүлдү. Анда улуттук кастыкты козгоого чакырык болгондугу аныкталса жооп тартуу маселеси каралат.
Азимбек Бекназаров президенттик ат салышып жатат.