07:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Үйүн жер көчкү басып калгандарга президенттин эсебинен жети турак жай курулат

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Зергер жана Жалпак-Таш айылындагы жер көчкүдөн жапа чеккендерге 10 миллион 490 миң 900 сом бөлдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлайт.

Каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине которулуп, Өзгөндө жер көчкүдөн жапа чеккендерге жети үй куруп берүүгө багытталат.

Маалыматта, жер көчкүдөн кийин башпаанексиз калган материалдык абалы начар үй-бүлөлөргө турак жай салынары айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар