Москвада өрттө жабыркаган кыздардын жакындары изделүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кыздардын өздүгүн тактады.
1. Абдуллаева Рахатай Камаловна, 1989-жылы туулган, Лейлек районунун тургуну.
2. Нарбекова Таалайкан, 1989-жылы туулган, Лейлек районунун, Булак-Башы айылынан болот.
Эскерте кетсек, 10-июль күнү Москвадагы «РИО» соода борборунда өрт чыккан. Анда 18 адам жабыркаган.