23:34
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

«Кыргызфильм» кайрадан мультфильм тартып баштайт

Бүгүн Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында анимациялык цех ачылды. Атайын техника сатылып алынып, адистер таңдалып, сценарийлер жазылууда. Былтыры өкмөт анимациялык цехке 2 миллион сом бөлгөн. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматында, жаңы студия кыргыз анимациясын жандантууга жол ачат. Кыргызстанда биринчи  «Сандар талашы» мультфильмин 1977-жылы Эркин Борбиев тарткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби