03:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент аракка тапкан акчага мүлкүн камсыздандырууну сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырып жатып, үйүн камсыздандырып коюуну сунуштады.

«Биз мамлекеттик камсыздандыруу программасын ишке киргиздик. Айыл жеринде бул 50 сомго барабар. Бул тамеки менен бир бөтөлкө арактын баасы. Аракка акча табылат. Үйүн камсыздандырууга каражат жок дешет. Анан кырсык болсо, бузулган үйүн оңдоого акча таппай баш катырат», — деди президент.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда айыл жеринде үйдү жылына 600 сом, шаарда 1200 сом менен камсыздандырууга болот. Ишкана кайра 500 миңден бир миллионго чейин төлөп берет. 

Эң көп окулган жаңылыктар