10:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда маданий мурастарды чет өлкөлөрдөн кайтаруу боюнча борбор түзүлдү

Шавкат Мирзиёев 20-июнда Өзбекстанга таандык чет өлкөдө сакталган маданий мурастарды иликтөө борборун түзүү боюнча токтомго кол койду.  Бул тууралуу centralasian маалымат агентиги кабарлайт. 

Маалыматка караганда, борбор чет өлкөдө сакталган маданий мурастардын тизмесин түзүү, аларды иликтөө иштери менен алектенет. Мындан тышкары маданий мурастарды өлкөгө алып кирүү жана өлкөдөн алып чыгуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы менен натыйжалуугун анализдейт.

Президенттин токтомунда баалуу мурастарды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы айтылат.

Өзбекстан Маданият министрлигинен маалымдашкандай, союз маалында Хива, Самарканд, Бухара музейлериндеги көөнө экспонаттар, алардын ичинде алтындан жасалган буюм-тайымдар Ленинградга чыгарылып кеткен. Учурда алардын көпчүлүк бөлүгү Эрмитаждын Чыгыш бөлүмүндө сакталуу. 

Эң көп окулган жаңылыктар