13:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда «Док-1 Макс» иши боюнча 23 киши соттолду

Ташкент шаардык соту индиялык «Док-1 Макс» дарысын ичкен 69 баланын өлүмү боюнча айыпталган 23 кишиге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты кабарлады.

26-февралдагы өкүмгө ылайык, Өзбекстандын Фармацевтика агенттигинин мурдагы жетекчиси Сардор Кариев 18 жылга, анын орун басарлары Амирхон Азимов менен Нодирбек Мусаев 16 жылга жана Quramax компаниясынын мурдагы директору, Индиянын жараны Рагневдра Пратар 20 жылга эркиндиктеринен ажыратылды. Калган айыпталуучулар 10 жылдык жаза мөөнөтүн алып, айрымдары тергөө абагынан шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Бул иш боюнча соттолгондорго «Салык жашыруу», «Сапатсыз жана жасалма дары-дармек сатуу», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Шалаакылык» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча айыптар тагылган.

12-февралдагы акыркы соттук отурумда прокурор соттон Фармацевтика агенттигинин мурдагы жетекчисин 18 жылга, «Док-1 Макс» сиробун Өзбекстанга импорттогон Quramax Medikal компаниясынын экс-директорун 20 жылга эркинен ажыратууну сураган. Мындан тышкары ал соттолуучулардан каза болгон 69 жана оор жаракат алган 16 баланын жакындарына 100 миллион сумдан (8 миң АКШ доллары), ошондой эле өпкөсү жеңил жабыркаган 2 балага 20 миллион сумдан (1600 АКШ доллары) каражат өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Өзбекстанда 2022-жылдын аягында «Док-1 Макс» сиробун ичкенден кийин абалы начарлап, ондогон бала чарчап калган окуядан кийин өкмөт териштирүү жүргүзүп, анын курамында этиленгликоль деген адатта өндүрүш тармагында колдонулуучу химиялык уулуу зат бар экенин аныктап чыккан жана бул дарыны сатууга тыюу салган.

Буга байланыштуу Индияда да териштирүү иштери жүрүп, бир нече киши кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар