17:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ташкенттин тургуну чогуу жашаган аялга бензин чачып, өрттөп жиберди

Ташкенттин Яшнабад районунда 57 жаштагы тургун «тиричилик калдыктарын чогултуу пунтунда» чогуу жашаган аялга бензин чачып, өрттөп жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме кылып кабарлашты.

Ошол эле маалда Башкы прокуратуранын расмий сайтына бул окуя боюнча эч кандай маалымат чыккан жок.

ЖМКлардын маалыматына караганда, денесинин 18 пайызы күйүп, башынан жаракат алган 48 жаштагы аял ооруканага жеткирилди.

Шектүүнүн мындай кадамга барышына аял экөөнүн ортосунда чыккан чыр себеп болгону кабарланууда.

Яшнабад райондук прокуратурасы «Атайылап адам өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Шектүү кармалып, тергөө иштери башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар