18:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстандын башкы кримтөбөлү Салим Абдувалиев 6 жылга соттолду

Ташкенттин Мирабад райондук соту «Салимбай» жана «Салимбай байбача» деген каймана ат менен таанымал ишкер, Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары Салим Абдувалиевге карата өкүм чыгарды.

Бул тууралуу Ташкент шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Салим Абдувалиев «Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 6 жылга эркинен ажыратылды жана жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Ошол эле учурда «Аткезчилик» беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулду.

Өкүмгө макул болбогон тараптар шаардык сотко доо арыз менен кайрылса болот.

Өзбекстандын атайын кызматы 2017-жылдан бери өлкөдөгү Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп келген 73 жаштагы Салим Абдувалиевди былтыр декабрда камаганы белгилүү болгон. Буга чейин ал олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланышта болгону айтылып келген. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.

25-январда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди камаган. Башкы прокуратура ага чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен 26-декабрда кылмыш ишин козгогон. Анда ал туура бир жыл мурда, 2022-жылдын декабрь айында Өзбекстандын Ташкент шаарына «Салим байбача» деген ат менен таанылган Салим Абдувалиевге жолугуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөнүн билдирген.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Жамгырчиев өзбекстандык ишкер «Салимбай» деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиевге кайрылып, «эки досту» жок кылууга жардам берүүнү суранганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар