15:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү иске ууланып каза болду

Өзбекстандын Фергана облусунун Маргилан шаарында алты адам иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-январда Ватан маалесиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 57 жана 54 жаштагы жубайлар, 30 жаштагы кызы жана 7, 5, 3 жаштагы неберелери кайтыш болгон.

Текшерүү көрсөткөндөй, мештин мору туура эмес орнотулуп, натыйжада үйгө уулуу газ толуп калган. Алдын ала соттук-медициналык экспертизанын корутундусу өлүмдүн себебин иске катуу уулануу деп ырастоодо. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Былтыр декабрдын ортосунда Каракалпакстандын Чимбай районунда иске ууланып бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү каза болгон. Дагы эки адам оор абалда ооруканага жаткырылган. Ушул эле күнү Жаңы-Наманган аймагында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү көмүр кычкыл газына ууланып көз жумганы кабарланган. Октябрдын аягында Самарканд облусунун Акдарыя районунда үч адамдан турган үй-бүлө иске ууланып мерт болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар