17:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстандагы автогаз толтуруучу станциялар убактылуу жабылды

Өзбекстандын Энергетика министрлиги магистралдык газ куурларындагы басымдын кескин төмөндөшүнөн улам автогаз толтуруучу станциялар убактылуу жабылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 17-февралда Бухара облусундагы катуу шамалдан улам жогорку вольттуу электр линияларында авария болуп, электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураган. Буга байланыштуу газды кайра иштетүүчү «Газли» заводуна таандык компрессордук станциялардагы газ сордуруучу агрегаттар өчүп калган. Жыйынтыгында магистралдык газ куурларындагы газдын басымы кыйла төмөндөп кеткен.

«Мындан улам биринчи кезекте жаратылыш газы менен калкты жана бюджеттик мекемелерди камсыздоо максатында автогаз толтуруучу станциялардын иши убактылуу токтотулду. Бул чектөө 19-февралга чейин күчүндө болот», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Учурда шамалдан улам зыянга учураган жогорку вольттуу электр линияларында оңдоо иштери жүрүүдө.

18-февралда Энергетика миинстрлиги магистралдык газ куурлардагы басымдын төмөндөшү күндүн сууктаганына байланыштуу экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар