03:40
+27
USD 68.74
EUR 80.70
RUB 1.16
Кыргызча

Жашы жете элек улан-кыздарга расмий никеге турууга тыюу салган мыйзам иштебейт

Жашы жете элек улан-кыздарга расмий никеге турууга тыюу салган мыйзам иштебейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Аида Салянова билдирди.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова мыйзамды ишке киргизүү планы түзүлүп, ал өкмөттө талкууда экенин айтты.

Аталган мыйзам 2016-жылы октябрда кабыл алынган. Ага ылайык 18 жаштан эрте никеге турууга болбойт. 17 жашка чейинки кыздарды зордоп никеге тургузуу 5 жылга эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ала качкандар 5–10 жылга кесилет.

Эң көп окулган жаңылыктар