01:29
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ар бир балага төрөлгөндө сүйүнчү жана жөлөк пул берилет

Ар бир балага төрөлгөндө сүйүнчү жана үй-бүлөсүнүн кирешесине карабай жөлөк пул берилет. Бул тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү окууда кабыл алышты.

Эскерте кетсек, Социалдык өнүгүү министрлиги баардык үй-бүлөлөргө кирешесине карабай жөлөк пул берүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоорго ылайык баардык жарандар бала төрөлгөндө сүйүнчү (4000 сом) алышат. Жөлөк пул үч жашка чейин, андан кийин үчтөн ашык балалуу үй-бүлөлөрдүн 3–16 курактагы балдарына (500–700 сом) берилет.

Долбоорду каржылоого 7 миллиард 964 миллион сом керек. Эми президент кол койсо, 2018-жылдан баштап күчүнө кирет.

Долбоор боюнча бул макаладан кенен маалымат ала аласыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума