04:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Убактылуу эмгекке жарамсыздык жөлөк пулу эки эсеге көбөйдү

Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул эки эсеге көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мекеме, ооруп калган учурда биринчи 10 күн үчүн айлык акынын толугу менен төлөнөрүн, ал эми 11- күндөн баштап жумуш берүүчүнүн эсебинен 10 миң сомдон (100 эсептик көрсөткүч) берилерин белгиледи. Мурун кыргызстандыктарга 10 күндөн кийин 5 миңден (50 эсептик көрсөткүч) гана төлөнчү.

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштеген жарандарга жөлөк пул бардык иш күндөрү үчүн толук берилет.

Жөлөк пул алуу үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык кагазы болушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар