Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кубатбек Боронов өрт өчүрүү кызматына айтылган сынды кабыл албайт. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, өрт өчүрүү кызматы окуя болгон жерген дайыма убагында жетүүгө аракет кылат.
«Мисалы, жакында Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда өрт чыкты. Өчүрүү кызматы кеч келди дешет. Алар 30 минутта жетиптир. Анткени, үйгө кеткен жолго машиналар токтотулуп, айдоочуларын тапканча эле ошончо убакыт өткөн» — дейт министр.
Кубатбек Боронов Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы газ толтуруучу жайдагы жарылууга өрт өчүрүү кызматы суусуз барган деген маалымат туура эмес.
«Машинадагы суу 5 мүнөткө гана жетет. Анан кайра сууга кетишет. Айрымдар суусуз келип кайтып кетип жатат» — деди ал.