22:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ананьеводо жарылуу болгон жайда техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес

Ананьеводогу жарылууга техникалык коопсуздукту эрежелери сакталбагандыгы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, окуя болгон жерде ширетүү иштери жүрүп жаткан.

«Бир цистернадан бир эле учурда үчөөнө газ толтурчу экен. Андан сырткары, соргуч колдо жасалган. Мында техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаганы көрүнүп турат», — деди министр.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнда май куйуучу жайдын жаныдагы газ баллон жарылган. Эки адам жайында мерт кетип, 8 киши жабыр тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума