Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «24.kg» маалымат агентигинин суроосуна жооп берип жатып, депутат Алманбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, Сайдулла Нышанов фракциянын колдоосуна ээ болсо, лидерликке дайындалат.
«Бирок, бизде дагы эле Өмүрбек Текебаев фракция лидери болуп эсептелет», — деди Алмамбет Шыкмаматов.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев 26-февраль түнү абамайданда кармалып, андан бери, УКМКнын абагында камоодо.