02:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров: «Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?» деген да ой келди

Президент Садыр Жапаров «Арыба» сайтында берген маегинде «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча суроого дагы жооп берди.

Ал кол салууга бийликти күнөөлөө туура эмес экендигин белгилейт.

«БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле? Андан сырткары бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап жапайычылыкка барыш үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. Андай кадамдарга барбайбыз», — дейт Садыр Жапаров.

Ал саясатчыга кол салгандар кармалганын маалымдайт.

«Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. «Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, «сен тажаттың» деп митингден кубалаганы келген элек» деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат ойлодук эле. «Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?» деп. Текебаев болсо «бийликтин заказы» деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам «митингден кубалайбыз» деп келишкен тентектер болуп чыкты. Мындай жек көрүүлөр адамдар арасында бир эле Текебаевге эмес, баарыбызга бар», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар