17:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстан 2042-жылга чейин түндүк-түштүк жолуна алынган насыяны кайтарышы керек

Кыргызстан 2042-жылга чейин түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна алынган насыяны төгүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин финансы жана бюджет боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Белгилей кетсек, Сауд Арабия фонду 20 миллион доллар өлчөмүндө насыя берген. Ал 1 пайыздык үстөк нарк менен алынган. Кыргызстан 25-жыл ичинде акчаны толук кайтарып бүтүшү керек.

Түндүк- Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 33,8 миллион долларга бааланган.

Эң көп окулган жаңылыктар