USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Эми кыргызстандыктар Сауд Арабияга электрондук виза ала алышат

16:16, 07 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Сауд Арабиянын бийлиги электрондук виза берүү программасын кеңейтүү чечимин кабыл алды. Эми сегиз өлкөнүн жарандары электрондук виза ала алышат. Бул тууралуу Arab News басылмасы кабарлады.

Бул өлкөлөрдүн тизмесине Азербайжан, Албания, Грузия, Кыргызстан, Мальдивы, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Африка Республикасы кирди.

Аты аталган мамлекеттердин жарандары виза алуу үчүн электрондук түрдө же болбосо падышалыктын аэропортторунун биринен табыштама бере алышат.

Бул виза туристтик, умра, туугандарга, досторго баруу үчүн жана ишкердик максаттарда колдонулушу мүмкүн.

«Сегиз өлкөгө электрондук виза алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү менен Сауд Арабия өзүнүн эшиктерин дүйнөгө ачып, падышалыктын бардык коноктору үчүн жеңил жана жөнөкөй саякат тажрыйбасын сунуштап, алдыга дагы бир кадам таштоодо», — деп билдирди Сауд Арабиянын туризм министри Ахмед Аль-Хатиб.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика