07:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Bloomberg: Сауд Арабиясы Европага мунайды 25 доллардан сатууга ниеттенүүдө

Сауд Арабиясы Европага жеткириле турган Arab Light үлгүсүндөгү мунайдын көлөмүн үч эсеге көбөйтүп, баррелин 25 доллардан сатууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, Сауд Арабиянын Saudi Aramco мамлекеттик мунай компаниясынын бул сунушун голландиялык Royal Dutch Shell, британиялык BP, франциялык Total, испаниялык Repsol жана CEPSA компаниялары кабыл алышты.

Saudi Aramco сунуштаган баа Орусиянын 32,25 доллардан сатылып жаткан Urals үлгүсүндөгү мунайынан кыйла арзан. Агенттик эгер орус тарап бааларды төмөндөтпөсө, Urals Европа базарынан сүрүлүп чыгышы мүмкүндүгүн белгилөөдө.

Өткөн жумада Вена шаарында жолуккан ОПЕК+ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү өндүрүш көлөмүн чектөө боюнча макулдашууга келе алышкан эмес. Буга жооп катары Сауд Арабиясы өндүрүштү суткасына 1 миллион баррелге көбөйтүп, мунайын 6-8 долларга арзан сата баштай турганын билдирген. Мындан улам мунайдын дүйнөлүк баасы кескин төмөндөгөн.

Буга улай мунайга көз каранды өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын куну долларга жана еврого карата кыйла арзандаган. Алсак, 12-мартта Орусияда евро 84 рублге жетсе, Казакстанда доллар 400 теңгеден ашып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар