20:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сауд Арабиясы вирустан сактануу үчүн зыяратчылардын кирүүсүн убактылуу токтотот

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги шаршембиде тараткан маалыматка ылайык, өкмөт өлкөгө умра сапары менен баргандарды киргизбей турууну чечкен.

Мындан тышкары вирус аныкталган өлкөлөрдөн туристтердин келүүсүнө да тыюу салынат.

Сауд арабия бийлиги ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жарандарынан аймагына кирип-чыгууда паспорт көрсөтүүнү талап кылууда. Негизинен Перс булуңундагы өлкөлөрдө ич ара паспорттун ордуна атайын күбөлүк колдонулат.

Коронавирус илдети өткөн жылы декабрда Кытайдын Ухан шаарында чыккан. Кыска убакыттын ичинде илдет дүйнөнүн 40ка чукул мамлекетине тарады. Дүйнөдө жалпысынан ооруга чалдыккан адамдардын саны 100 миңге чамалады, үч миңге чукул киши вирустан набыт болду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар