18 миңге жакын адам турак жай алууга кезекте турат. Бул тууралуу Акыйкатчынын «Бишкек жаңы конуштары: турак жай жана башка социалдык, экономикалык жана маданий укуктар» атайын баяндамасында маалымдалат.
Анда Бишкек шаарында жеке турак жайы жок тургундардын саны көбөйүп бара жаткандыгы жазылат. Эгер, 2010-жылы ар бир шаар тургунуна 15,7 чарчы метр башпаанек тура келсе, 2015-жылы бул 13 чарчы метрге барабар болгон.
2015-жылы турак жай алууга 17, 9 миң киши кезекке турган. Акыйкатчынын айтымында, алардын 0,2 пайызы гана жашоо шартын жакшырта алган.
Турак жай фондунда 99,4 пайыз үйлөр жеке сектордун колунда. Анын 79, 4 пайызы менчик жер үйлөр.