15:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Караколдогу мушташка шаардык кеңештин мурдакы депутаты да катышкан

Кечээ Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көпчүлүк катышкан мушташ болду. Жабыр тарткандардын бирөө учурда комада жатат. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агентигине укук коргоо органдарынан таксыкташты.

Маалыматка караганда, ага шаардык кеңештин «Улуу Кыргызстан» фракциясынын мурдакы депутаты Максат Касенов дагы катышкан.

«Тентектик», «Саламаттыкка зыян тийгизүү" беренелери менен кылмыш иши козголду. Мушташка катышкандар изделип жатат.

Алдын-ала билдирүүлөр боюнча, шаардын эки кылмыштуу тобу ортосунда чыр чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар