03:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан — Европа биримдигинин Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү

Кыргызстан — Европа биримдигинин Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү. Бул тууралуу аталган уюмдун тышкы иштер боюнча башкы катчысынын саясый маселелер жаатындагы орун басары Жан-Кристоф Бельяр президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Эки тарап аймактагы маселелерди, Алмазбек Атамбаевдин үстүбүздөгү жылдын 15-17-февралында Европа биримдиги институтуна сапары учурунда макулдашылган келишимдердин аткарылышын талкуулашты.

Сапар Исаков Европа биримдигине өлкөдөгү демократиялык реформаларды ишке ашырууга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда аппарат башчы уюмдан адам укуктары, билим берүү жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу жаатында колдоо сурады.

Андан сырткары, Сапар Исаков «Таза коом» программасын ишке ашырууда дагы уюмдун колдоосуна ишенерин билдирди.

«Кыргызстан демократиянын жолунда бир топ ийгиликтерге жетишти. Борбордук Азияда парламенттик республиканын куруу боюнча лидер болуп эсептелет», — деп белгиледи Жан-Кристоф Бельяр.

Эң көп окулган жаңылыктар