Алма-Атада 23 жаштагы кыз арыкка агып кетип, набыт болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымдайт.
Маалыматта окуя, 7-июнда шаардын Аль-Фараби жана Фурманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгондугу айтылат.
Арыкка түшүп кеткен кызды суу түтүккө агызып кеткен. Күбөлөр жардам берүүгө аракеттенишкен. Куткаруучулар анын жансыз денесин алып чыгышкан.