06:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алма-Атада учакта набыт болгон кыргызстандыктардын сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү

Алма-Ата шаарында кыйраган учакта набыт болгон кыргызстандыктардын сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Алма-Атадагы башкы консулдугунун маалыматында, учактын командири Геннадий Цой менен инженери Бейшебек Акматбаевдин сөөгүн жакындары таанышкан. Авиакомпания набыт болгондордун сөөгүн мекенине жеткирип бермей болду.

Эскерте кетсек, 3-октябрда East Wing авиакомпаниясына тиешелүү Ан-28 учагы Алма-Атадан Шымкентке учуп бара жатып, абага көтөрүлгөндөн 12 мүнөттөн кийин радардан жоголгон. Ал аба майдандан 28 километр алыстыкта кулап түшүп, күйүп кеткен. Учактагы беш киши мерт кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар