12:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз депутатын казак телеканалдары «кылмыштуу топтун башчысы» деп атады

Казакстанда кармалган эл аралык кылмыштуу топ Кытай, Өзбекстан жана Кыргызстан чек араларында жүргүзгөн масштабдуу паракорлук тууралуу көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу Казакстандын КТК каналы билдирди.

Телеканал кылмышка шектүүлөрдүн кармалгандыгы тууралуу материал даярдаган. Анда айыпталуучулар пара алгандыктарын мойнуна алып, аткезчилик үчүн үлүшкө ээ болгон жетекчилеринин атын атайт.

«Кылмыш төбөлдөрү мамлекеттердин чек араларын көзөмөлгө алып турган. Эл аралык келишимдер, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктар алар үчүн мааниге ээ эмес болуп калган. Маалым болгондой чек ара бекеттеринде кылмыш төбөлдөрүнүн адамдары ишкерлерге салык салып турушкан. Ишкерлер төлөөгө аргасыз болушкан. Баш тарткан учурда товарлары кармалып же жоголууга дуушар болгон. Жүргүнчү эркин алып өтүүчү жүк үчүн килограммына 100 теңге алынса, «Жаркент» өткөрүү бекетинде иштеген 9 адисти алмаштыруу үчүн миллион теңгеден көп акча алып турушкан», — дейт «Жаркент» өткөрүү пунктунун адиси Галым Сергалиев.

Кармалгандардын үчөө Кыргызстан жараны. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы бар. Материалда Дамирбек Асылбек уулу кылмыштуу топту жетектеп келгендиги айтылат.

Кыргызстандын саясатчысы Алма-Атадагы ресторандардын биринен Бишкектен барган досу Уланбек Мурадилов менен бирге кармалды. Казакстандын чек арачысы Эмилбек Көчөрбаев дагы алардын жанында болгон.

"Жашыруун камерага тартылып алынган алардын сүйлөшүүсүндө бир топ чиновниктердин катышуусунда көптөн бери иш алып барып жүргөндүктөрү маалым болгон. Дамирбек Асылбек уулу Казакстан чек арасында өткөн текшерүүдөгү жетишкендиктерин айтып мактанган. Ал Казакстандын жарандыгын алганга дагы жетишкен. Жаңы документинде туулган жерин өзгөртүлүп, Жамбылда жарык дүйнөгө келгендиги көрсөтүлгөн. Тергөөнүн материалдарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кытайдан Казакстанга жана Россияга контрабанда ташып туруучу аткезчилик жана трансулуттук уюшма топту жетектеп келген. Ага дагы бир кыргызстандык Уланбек Мурадилов көмөктөшүп турган. Аны кармаган учурда кол баштыгынан белги коюлган 92 миң доллар табылган. Ал каражатты товарларды аткезчилик жол аркылуу ташууга көмөктөшүү үчүн ишкерлердин биринен алган",- деп маалымдайт КТК.

Эң көп окулган жаңылыктар