11:26
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Алма-Атанын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу сунушталууда

Казакстанда Алма-Ата шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу сунушталууда. Залкар жазуучунун ысмы калаанын эски аталыштагы көчөлөрүнүн бирине берилиши мүмкүн.

Шаардын айрым көчөлөрүнө Чыңгыз Айтматов менен бирге, Советтер Союзунун баатырлары Сагадат Нурмагамбетов менен Талгат Бигелдиновдун, сүрөтчү Сергей Калмыковдун, жазуучулар Герольд Белгер жана обончу Ермек Сергекбаевдин ысымдарын берүү каралууда. 

Жалпысынан Алматынын эски бөлүгүндөгү жана кошулган аймактардагы ондогон көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү сунушталууда. Алардын көпчүлүгү советтик мезгилинде орусча аталып калган көчөлөр. 

Шаар бийлигинин расмий билдирүүсүндө чечим Алматы тургундарынын пикирин эске алуу менен шаардын ономастикалык комиссиясынын корутундусунун негизинде кабыл алынганы белгиленген.

Маалыматка караганда, Алмалы аймагындагы 6-линия көчөсү Нурлы жол, Турксиб районундагы Парковый көчөсү Нур Алем, Акбулак кичи районундагы АЗТМ көчөсү Хан Шатыр аталыштарын алышы мүмкүн.

Андан тышкары бийлик көчөлөрдүн бири-бирин кайталаган аталыштарын дагы өзгөртүүнү сунуштоодо. «Ачык номативдик-укук актылар» сайтындагы маалыматка ылайык, көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү боюнча коомдук талкуулар 24-ноябрга чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби