22:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Таш-Көмүрдө 18 жашар кыз өз жанын кыюуга аракет кылды

Таш-Көмүр шаарында өз жанын кыюуга аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 12-февраль күнү кечки саат 18-30 да белгисиз кыз көпүрөдөн Нарын дарыясына секиргендиги боюнча «102» телефонуна кабар келип түшкөн. Шаардык милиция жеткен кезде суунун жээгине асылып калган кызды күбөлөр тартып чыгарышкан.

«Ал кыз Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдордун биринде 1-курстун студенти экендиги жана үй-бүлөсүндө, курбу-достору арасында чыр-чатак жоктугу, эч нерседен кемибегендиги, эч ким капа кылбагандагы, мурда мындай нерсеге барбагандыгы аныкталды» — дейт ИИБ.

Эң көп окулган жаңылыктар