07:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Казакстанда Назарбаев тууралуу киноэпопея тартуу иштери уланууда

20-декабрда Алма-Атада Нурсултан Назарбаевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу «Көсөмдүн жолу» деп аталган киноэпопеянын уландысын тартуу иштеринин биринчи бөлүгү аяктады.

Тасманын уландысы «Дүйнөнүн чок ортосунда» деп аталат. Анда борборду Акмолого көчүрүү чечими кабыл алынган 1994-жылдан тарта эл аралык деңгээлдеги борборлордун катарына кирген Астананын бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолу баяндалат.

Эпопеянын алтынчы бөлүгүн белгилүү казак кинорежиссеру Акан Сатаев тартууда. Тасманын сценарийин Тимур Жаксылыков менен Адилбек Жаксыбеков жазган. Акыркысы учурда президенттик администрациянын жетекчиси кызматында иштейт.

Жаңы бөлүгүндө Нурсултан Назарбаевдин ролун Талдыкоргондон чакырылган театр жана кино актеру Мурат Ахманов аткарат. «Казакфильмден» кабарлашкандай, актерлорду гримдөө менен британиялык визажист Марк Кульер алектенүүдө. Ал кезинде «Отель «Гранд Будапешт» тасмасындагы эмгеги үчүн «Оскар» сыйлыгын алган.

Буга чейин эпизоддук ролду аткарган актерлордун бири тартуу иштеринин алдында бардыгынын телефондору менен фотоаппараттарын алып коюшканын Фейсбук баракчасына жазган.

Январда «Дүйнөнүн чок ортосунда» тасмасын тартуу иштери уланат. Киноэпопеянын кезектеги бөлүгүнүн премьерасы 2018-жылы декабрга пландалууда. Мурдараак казак маалымат агенттиктери тасманы тартууга өкмөт 2,3 миллиард теңге (6,8 миллион доллар) бөлүп жатканын кабарлашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума