16:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Май айында бюджеттин чыгымы 10 миллиард сомду түздү

Май айында бюджеттин чыгымы 10 миллиард 97,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Айлык акыга 2 миллиард 409 миллион сом, жөлөк пулга 1 миллиард 452 миллион, калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 632 миллиондон ашык сарпталган.

«Имарат жана турак жай» беренеси боюнча чыгым 948 миллион 799,9 миң сомду түздү. Калган каражат өлкөнүн тышкы карызын тейлөөгө жумшалды.

Эң көп окулган жаңылыктар