09:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Парламентте журналист Улукбек Бабакуловду жарандыктан ажыратуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары белгилүү журналист Улукбек Бабакуловду «чагымчы» деп аташты. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында айтылды.

Парламент депутаттары журналисттин «Фергана» маалыматтык агентигинде басылган «Элдер жырткычтай. Социалдык тармактын кыргыз сегментинде сарттарды жазалоо чакырыгы айтылып жатат» — деген макаласына нараазычылык билдиришти.

Депутат Айнура Алтыбаева, «сарт» сөзү кордоо катары эсептелерин айтып, 2010-жылдагы Ош окуяларында балдарын жоготкон энелердин дагы эле көз жашы тыйыла электигин эскертип өттү.

Эл өкүлүнүн пикиринде, укук коргоо органдары мындай өңүттөгү макалаларга көңүл бөлүп, баасын бериши керек.

Айнура Алтыбаеваны депутат Мурадыл Мадаминов колдоп, журналистти жарандыктан ажыратууну сунуштады.

Улукбек Бабакуловдун талкууга түшкөн макаласында, социалдык тармактын колдонуучуларынын улуттук азчылык — өзбектерге болгон кескин билдирүүлөрү жөнүндө жазылган.

Улугбек Бабакуловдун атасы кыргыз, энеси өзбек экендиги маалым. Буга чейин анын улутуна байланыштуу кемсинтүүлөр айтылган. Бирок, анда тартип сакчылары дагы, депутаттар дагы журналистти коргоо тууралуу кеп козгошкон эмес.