13:00
USD 87.45
EUR 101.81
RUB 1.20

Бишкекте «Көчмөндөр оюндарына 100 күн калды» аттуу электрондук такта орнотулат

23-майда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды» аттуу электрондук тактасы салтанаттуу түрдө ачылат. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электрондук такта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келе турган катышуучу, конок, турист жана кыргызстандыктар үчүн маанилүү символикалык этап болуп саналат. Ал дүйнөдөгү ири этномаданий жана этноспорттук окуялардын бири болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жакындап келе жатканын көрсөтүп турат.

Электрондук тактада Көчмөндөр оюндарынын баштала турган датасын утурлай артка санак башталат.

Салтанаттуу иш-чарада шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа, улуттук спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө оюндар, өнөктөштөрдүн жана тематикалык аянтчалары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирдик продукцияларын таратуу уюштурулат.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар