10:08
USD 87.45
EUR 101.73
RUB 1.19

Ак жол сага абитуриент! ЖРТнын биринчи этабы башталды

Кыргызстанда абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) биринчи этабы башталды. Жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандардын билим деңгээлин аныктоого багытталган жараян 23-майга чейин уланат.

Ар бир катышуучу үч күндүк сынактан өтүшү керек болот. Биринчи этапка катталгандардын күндөрү — 17, 18 жана 19-май, ал эми экинчи этап 21, 22 жана 23-май күндөрү өтөт.

Биринчи күнү математика, текстти окуу жана түшүнүү, практикалык грамматика. Экинчи күнү мамлекеттик (кыргыз) тили боюнча тест (баарына милдеттүү) + тилдер боюнча предметтик тесттер (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты). Ал эми үчүнчү күнү болсо предметтик тесттер (химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили).

Жогорку окуу жайлар абитуриент кабыл алууда ЖРТда топтогон баллына карашат. Эң мыктыларына жеңилдиктер берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар