10:08
USD 87.45
EUR 101.73
RUB 1.19

Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында Тажикстандын маданият күндөрү өтөт. Программа

Кыргызстанда 17-майдан 22-майга чейин Тажикстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараларга Тажикстандын 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы катышат.

Эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого жана достук мамилелерди тереңдетүүгө багытталган Маданият күндөрүнүн алкагында концерттик программалар, көркөм сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалардын көрсөтүүлөрү пландаштырылган.

Маданият министрлиги
Фото Маданият министрлиги

Программанын негизги иш-чаралары төмөнкүдөй пландалган:

18-май

10:00 — «Турсунзода жана Айтматов: тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары» аттуу илимий-адабий жолугушуу

16:00 — «Өмүр керемет» тасмасынын көрсөтүлүшү

19-май

10:00 — Сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы

14:00 — «Рустам тууралуу баян» тасмасынын көрсөтүлүшү

18:30 — Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи

20-май

14:00 — «Чындык издеп» тасмасынын көрсөтүлүшү

21-май

18:00 — Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи

Бул маданий иш-чаралар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий диалогду кеңейтүүгө, чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки элдин достугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар