10:27
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Бүгүндөн тарта Ош шаарынын мэри калк менен жолугушат. Ырааттамасы

Бүгүндөн тарта Кыргызстандын бардык аймактарында аткаминерлердин жергиликтүү калк менен жолугушуулары башталат. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Жанар Акаевдин шаар тургундары менен баарлашуу графигин коомчулукка ачыктады.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров облус башчыларынын жергиликтүү калк менен жолугушуусун жарыялаган. Анын тапшырмасы боюнча, жолугушуулар ар бир айыл өкмөттө өткөрүлөт. Мындай чечимди өлкө башчысы аймактарга болгон жумушчу сапарынан кийин кабыл алган.

Мамлекет башчысы көтөрүлгөн маселелердин 80 пайызга жакыны райондук жана облустук деңгээлдеги компетенттүүлүккө тийиштүү экенин баса белгилеген.

Ал эми 20 пайызы гана — мектептердин, стратегиялык маанидеги жолдордун курулушу жана таза суу менен камсыздоо сыяктуу республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер.

«Өзүңүздөр күбө болгондой, көйгөйлөрдүн көбүн жергиликтүү деңгээлде чечсе болот. Ушуга байланыштуу мен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, ошондой эле прокуратура, ИИМ, ӨКМдин өкүлдөрүнө бекитилген графикке ылайык, ар бир айыл өкмөткө барып, жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүнү жана жарандардын көйгөйлүү маселелерин карап чыгууну тапшырдым», — деп түшүндүргөн Садыр Жапаров өз чечимин.

Эң көп окулган жаңылыктар