Бишкектин Свердлов районунда түнкүсүн туруксуз аба ырайынан жана жаан-чачындан улам бак унаа өтүүчү жолго кулап, Чүй проспектисине жакын жайгашкан көмөкчордондун аймагындагы Сүйүмбаев көчөсүн толугу менен тосуп калды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, кулаган бактан улам бала бакчага баруучу жол да жабылып калган. Ал жерде унаалардын кыймылына кыйындык жаралган.
Шаар тургундары тиешелүү кызматтардан жолду тез арада тазалап, жагымсыз аба ырайынын кесепеттерин жоюуну суранышууда.

