14:00
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Трамп: «Европа товарларына АКШнын бажы алымдары олуттуу түрдө жогорулайт»

Эгерде Европа Биримдиги 4-июлга чейин соода келишиминин шарттарын аткарбаса жана бажы алымдарын нөлгө чейин түшүрбөсө, анда европалык товарлар үчүн АКШнын алымдары олуттуу түрдө жогорулайт. Бул тууралуу Дональд Трамп Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди.

«Мен Евробиримдик Шотландиянын Тернберри шаарында түзүлгөн тарыхтагы эң ири соода келишиминин өзүнө тиешелүү бөлүгүн аткарышын чыдамдуулук менен күттүм. ЕБ келишимдин өз тарабын аткарып, макулдашылгандай тарифтерин нөлгө чейин түшүрөбүз деп убада берген. Мен аларга өлкөбүздүн 250 жылдыгына чейин убакыт берүүгө макул болдум. Антпесе, тилекке каршы, алардын тарифтери дароо алда канча жогорку деңгээлге көтөрүлөт», — деп жазды Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына.

Өз кезегинде Урсула фон дер Ляйен Трамп менен «абдан жакшы сүйлөшүү» болгонун билдирди.

Анын айтымында, АКШ да, Евробиримдик да тараптар ортосунда түзүлгөн соода келишимин «ишке ашырууга толугу менен берилген бойдон калууда». «Июль айынын башына карата тарифтерди төмөндөтүү багытында жакшы жылыштар бар», — деп белгиледи ал.

Эскерте кетсек, 1-майда Трамп Брюсселди келишимдерди аткарбай жатат деп айыптап, ЕБден АКШга алынып келинген жеңил жана жүк ташуучу унааларга бажы алымдарын 25 пайызга чейин көтөрө турганын жарыялаган. Буга жооп катары Еврокомиссиянын башчысы Трампты соода келишимин сактоого чакырган.

Сөз Евробиримдик менен АКШнын ортосунда 2025-жылдын сентябрында түзүлгөн соода келишими жөнүндө болуп жатат. Анда европалык автоунаа экспортуна алымдарды 27,5 пайыздан 15 пайызга чейин төмөндөтүү каралган. ЕБ бардык америкалык өнөр жай товарларына тарифтерди жоюуга жана АКШдан келген деңиз азыктары, сүт азыктары, чочко эти жана соя майы үчүн рынокту ачууга милдеттенме алган.

Эң көп окулган жаңылыктар