Жеңиш күнүн майрамдоого карата 9-майда Москвага төрт мамлекеттин лидерлери келет. Чет элдик коноктордун тизмеси Кремлдин сайтында жарыяланды.
Орусиянын борборуна Беларус президенти Александр Лукашенко, Лаос президенти Тхонглун Сисулит, Малайзиянын жогорку башкаруучусу Султан Ибрагим жана Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо келишет.
Ошондой эле Абхазия, Түштүк Осетия жана Серб Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чет элдик коноктордун быйылкы тизмеси акыркы жылдардагы эң кыска тизмелердин бири болуп калганына көңүл бурушту. Салыштырмалуу айтсак, 2025-жылы Москвадагы Жеңиш парадына 20дан ашык мамлекеттин лидерлери, анын ичинде КМШ, Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн башчылары келишкен.

