12:48
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.11

Быйылкы ШКУ марафонун уюштурууга 2 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүүдө

Министрлер кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 2026-жылдагы ШКУнун эл аралык марафонун уюштуруу боюнча кызматтарды сатып алуу боюнча тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, бул максатка 2 миллион 150 миң сом бөлүү пландаштырылууда.

Буга Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында марафондун ачылыш жана жабылыш аземдерин уюштурууга бөлүнгөн 1 миллион 250 миң сом; чет элдик катышуучулар, уюштуруу комитети, калыстар тобу, ыктыярчылар жана машыктыруучулар үчүн мейманканада жатаканага 900 миң сом (эки түнгө жалпысынан 150 адам, үч маал тамак менен) кирет.

Жеткирүүчүлөрдөн сунуштар 13-апрелге чейин кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар