Эртең, 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым райондорунда бир аз жаан жаашы мүмкүн. Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +7...+12 күндүз +23...+28
Таласта түнкүсүн +6...+11 күндүз +21...+26
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15 күндүз +23...+28
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1...+6 күндүз +15...+20
Нарында түнкүсүн −1...+4 күндүз +15...+20
Бишкекте түнкүсүн +9...+11°, күндүз +24...+26 градуска жетет.

