10:52
USD 87.45
EUR 100.53
RUB 1.07

Китеп күнү: Бишкекте окуу декадасы өтөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти 10-апрелинден 20-апрелге чейин борбор калаада Окуу декадасын жарыялайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара эл аралык Китеп күнүнө карата уюштурулууда.

Демилгенин алкагында шаардагы бардык мектептерде жана бала бакчаларда балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маданий-агартуу иш-чаралары өтөт.

Программада:

  • Адабий сааттар жана китеп көргөзмөлөрү;
  • Белгилүү жазуучулар менен жолугушуулар;
  • Көркөм окуу сынактары жана «Бирге окуйбуз» акциялары;
  • Интерактивдүү сабактар жана тематикалык викториналар.

Иш-чаранын максаты — өсүп келе жаткан муундун окурмандык маданиятын калыптандыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү жана көркөм адабиятка болгон сүйүүсүн ойготуу.

Билим берүү департаменти окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди бул агартуу демилгесине активдүү катышууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар