10:46
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Олимп оюндарына катышкан кыргыз спортчуларына арналган китеп чыкты

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү, спорттук баяндамачы Кабыл Макешовдун «Кыргыз Республикасы Олимпиадалык оюндарда» аттуу китеби жарык көрдү. Анын бет ачары 11-октябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү.

Китепте Олимп оюндарына катышкан спортчулар тууралуу маалыматтар камтылган.

Ушул эле күнү «Журналист — кыргыз спортунун барометри» аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул иш-чаралар журналист Кабыл Макешовдун 60 жылдык мааракесине арналып уюштурулду.

Макешов 1961-жылы 11-октябрда Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. Эмгек жолун облустук «Нарын правдасы» гезитинде баштаган. Журналист спорттук баяндамачы катары 11 кышкы жана жайкы Олимпиадага барып, жеринен маалымат берип турган. 1994-2014-жылдар аралыгында «Азаттык» радиосунда кабарчы болуп иштеген.

Бир нече ирет «Кыргызстандын мыкты спорттук журналисти» деп таанылган. «Кыргызстандын дене тарбиясы жана спортунун отличниги» төш белгисин алган жана «Азамат Алтай» фондунун негиздөөчүлөрдүн бири. «Кыргыз спортунун тарыхы» жана «Спорттук энциклопедия» баштаган 15 китептин автору.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума