05:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мектеп окуучусу президенттин колунан белекке китеп алды

Садыр Жапаров Бишкектин мектеп окуучусуна китептерди белек кылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын атына № 8 орто мектептин 4-классынын окуучусу Арсен Мукаев кат жазды. Анда китепке кызыккан бала космос, динозаврлар, канаттуулар жана жаныбарлар тууралуу китептерди окууга болгон ынтызарлыгы тууралуу айтып берген.

Мектеп окуучусунун катын алгандан кийин Садыр Жапаров ага бир нече энциклопедиялык китептерди белекке берүүнү чечти.

Президент администрациясынын кызматкерлери баланын үйүнө барып, ага Жапаровдун атынан энциклопедияларды тапшырышты.

Арсен Мукаев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бир нече жылдан бери президент администрациясына кат жолдоп келгенин, бирок ага бир гана Садыр Жапаров көңүл бурганын белгиледи. Ал китеп окуганды абдан жакшы көрөт жана дайыма китепканага барат.

Эң көп окулган жаңылыктар